КЫЗМАТЧЫ СӨЗДӨРДҮН КӨРКӨМ ЧЫГАРМАДАГЫ ОРДУ (ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН МИСАЛЫНДА)
DOI:
https://doi.org/10.65164/b64wrt47Ключевые слова:
кызматчы сөздөр, көркөм текст, жандооч, байламта, бөлүкчө, модалдык сөз, Чыңгыз Айтматов.Аннотация
Бул макалада кыргыз тилиндеги кызматчы сөздөрдүн көркөм тексттеги орду, функционалдык-маанилик өзгөчөлүктөрү жана стилистикалык мүмкүнчүлүктөрү талдоого алынат. Изилдөөнүн негизги максаты – улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын мисалында кызматчы сөздөрдүн көркөм текст түзүүдөгү ролун, ойду тактоодогу маанисин жана автордук интонацияны берүүдө аткарган кызматын аныктоо болуп саналат. Изилдөөдө Чыңгыз Айтматовдун «Жамиля», «Биринчи мугалим», «Ботогөз булак», «Делбирим» чыгармаларынан алынган мисалдар кеңири пайдаланылды. Макалада жандооч, байламта, бөлүкчө жана модалдык сөздөрдүн көркөм чыгармадагы колдонулушу конкреттүү тексттик мисалдардын негизинде каралат. Кызматчы сөздөр сүйлөмдөрдүн ортосундагы логикалык байланышты камсыз кылып гана тим болбостон, каармандардын ички психологиялык абалын, эмоционалдык өңүтүн ачып берүүгө шарт түзөрү аныкталат. Ошондой эле автордун субъективдүү баалоосу жана көркөм ой жүгүртүүсү дал ушул тилдик каражаттар аркылуу берилери белгиленет. Изилдөөнүн жыйынтыктары кызматчы сөздөрдүн кыргыз көркөм тилиндеги маанилүү стилистикалык курал экенин далилдейт.
Библиографические ссылки
1. Абдубалиев И. Кыргыз тилинин морфологиясы Б-2008
2. Абдубалиев И. Азыркы кыргыз тили (морфология) Б-2015
3. Акунова А,Чокошева Б,Эшимбекова Г. Азыркы кыргыз тили.Морфологиясы Б-2009
4. Айтматов Ч . Чыгармаларынын сегиз томдук жыйнагы. Б-2014
5. Айтматов Ч . Чыгармаларынын он томдук жыйнагы.Б-2018
6. Элчиев Ж. Азыркы кыргыз тили Б-2021.