МИРЛАН САМЫЙКОЖОНУН КЫРГЫЗ ПОЭЗИЯСЫНДАГЫ ПОЭТИКАЛЫК ИЗДЕНҮҮЛӨРҮ
DOI:
https://doi.org/10.65164/7h4f5v66Ключевые слова:
кыргыз адабияты, поэзия, поэтикалык изденүү, инсан, мекенчилдик.Аннотация
Бул макалада заманбап кыргыз адабиятындагы поэтикалык изденүүлөр Мирлан Самыйкожо уулунун поэзиясынын мисалында талдоого алынат. Изилдөөнүн негизги багыты акындын чыгармачылыгында өзгөчө орун алган үй-бүлө, инсан жана Мекен образдарынын көркөм-маанилик өзгөчөлүктөрүн жана көркөм чечмелөөсүн аныктоого багытталган. Макалада «Эне жүрөк!», «Адам издейм», «Бирик Кыргыз» аттуу ырлар негизги тексттик материал катары колдонулуп, алар аркылуу эне тагдырынын трагедиялуу жана руханий бийик образы, үй-бүлөлүк баалуулуктар, инсандык ички дүйнө, инсандык моралдык идеалды издөө маселеси, ошондой эле мекенчилдик идеясынын поэтикалык туюнтулушу ачып көрсөтүлөт. Акындын поэзиясында эне образы руханий чыдамкайлыктын жана гуманисттик баалуулуктардын символу катары берилет жана дагы үй-бүлө руханий таяныч катары сүрөттөлүп берилет.Ал эми инсан адеп-ахлактык, моралдык жоопкерчиликтин символу катары берилсе,мекен улуттук аң-сезимдин, тарыхый эс-тутумдун жана элдик биримдикдин идеялары менен айкалышта сүрөттөлгөнү ачык көрүнөт жана көркөм образы катары берилгени аныкталат. Макалада заманбап кыргыз поэзиясындагы идеялык-көркөм жаңыланууларга өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле макалада акындын поэтикалык тили, символдук образдар системасы жана көркөм ыкмалары талданып, анын заманбап кыргыз поэзиясындагы орду аныкталат.
Библиографические ссылки
1. Мирлан Самыйкожо уулу. Ырлар жыйнагы.
2. Кыргыз адабиятынын тарыхы. — Бишкек, 2015.
3. Замандаш кыргыз поэзиясы. — Бишкек, 2020.
4. Super.kg маалымат-маанайшат порталы.