АБДЫЛДАЖАН АКМАТАЛИЕВ ЖАНА КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ
DOI:
https://doi.org/10.65164/za8az596Ключевые слова:
кыргыз адабияты, адабий сын, тенденция, түрк элдери, адабият таанууАннотация
Аталган макалада Абдылдажан Акматалиевдин кыргыз адабият таануусундагы жана адабий сынындагы орду, ролу тууралуу кеп болду. Адегенде ал кыргыз адабиятынын этаптык өнүгүүсүнө, адабий жанрлардын калыптанышына, акын-жазуучулардын өмүрү, чыгармачылыгына, түрк тилдүү элдердин адабиятына байланышкан бир топ илимий изилдөөлөрдүн, адабий сын макалалардын автору экендиги белгиленди. Көп кырдуу ишмердүүлүгүнүн ичинен анын негизги эмгектери Манас таанууга, кыргыз фольклористикасына, айрыкча Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын иликтөөгө арналгандыгы, көптөгөн монография, китептери жана изилдөөлөрү Чынгыз Айтматовдун көркөм философиясын, улуу сүрөткердин улуттук жана дүйнөлүк адабий процесстеги ордун, таасирин аныктоого арналгандыгы белгиленди. Ошондой эле макалада Абдылдажан Акматалиевдин түрк тилдүү элдердин адабиятынын жалпылыктары, көп улуттуу адабий-көркөм процесстин түпкүрүндө жаткан жалпы закон ченемдүүлүктөрдү жана тенденцияларды иликтеп-изилдөө багытында советтик адабият таануу илимин активдүү методологиялык изденүүлөргө түрткөндүгү белгилүү. Мунун өзү ошол убактарда көп улуттуу адабиятты үйрөнүүгө салыштырма–типологиялык мамиленин принциптеринин активдешишине жана интернационалдык адабий карым-катыштын жакшырышына алып келген. Анын адабиятчы катары ушул өзгөчөлүгү, чеберчилиги, көркөм-эстетикалык көз караштары талдоого алынды. Кыргыз адабияты менен түрк элдеринин адабиятынын карым-катышына байланышкан макалаларына анализ жүргүзүлдү.
Библиографические ссылки
1. Гамзатов В. Г. Нравственное действие литературы// Учиель Кыргызстана. – 1991. – ноябрь.
2. Гачев Г. В безбрежном море литуратур//Вечерний Бишкек. – 1991. – 11 июля.
3. Акматалиев А.А.Ч. Айтматов жана кыргыз-казак адабий байланыш (198
4. Акматалиев А.А. Творчество Чингиза Айтматова во взоимодействии с тюркоязычными литературами народов СССР / Автореферат докт. дисс. – Фрунзе, 1990. – стр. 37. 9 «Вечерний Фрунзе». – 1991. – 11-июля.
5. Акматалиев А.А. Ч. Айтматов жана боордош элдер адабияты