СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДАГЫ КЫСКА ТЕКСТТЕР - ЗАМАНБАП КОММУНИКАЦИЯНЫН ФОРМАСЫ

Авторы

  • Алим кызы Гулиза Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун магистранты Автор
  • Нуржамал Мапаева Ош мамлекеттик университети, Кыргызстан Филология илимдеринин кандидаты, доцент Автор

DOI:

https://doi.org/10.65164/sh7c9k74

Ключевые слова:

социалдык тармактар, кабар түрүндөгү кыска тексттер, публицистикалык тексттер, информация алмашуу, пикир.

Аннотация

Коомдо адамдардын дүйнөгө болгон көз карашы, жашоодогу позициясы, ар кандай ой толгоолору маалыматты кабылдоосуна жараша калыптанат. Санариптик доордогу баарлашуунун динамикасы адамдардан маалыматты максималдуу түрдө тез жана кыска берүүнү талап кылууда. XXI кылымдагы эң кымбат жана абдан маанилүү нерсе, бул - информация. Азыркы учурда социалдык тармактар коомдун дээрлик бардык тармагына түз таасир эткен стратегиялык коммуникациялык платформага айланды. Адамдар бири-бири менен тез жана натыйжалуу байланышуу үчүн социалдык тармактарда кыска, так жана эмоциялуу билдирүүлөрдү колдонушат. Бул макалада социалдык тармактарда кабар түрүндөгү кыска тексттердин берилиш өзгөчөлүктөрү, табияты, кабылданышы, таасири иликтөөгө алынды. Ошондой эле кыска тексттердин маалымат берүү, ой бөлүшүү, пикир жаратуудагы ролу да талкууланат. Социалдык тармак-азыркы коммуникациянын жаңы формасын жараткан күчтүү курал экени белгиленет.
Макаланын актуалдуулугу- кыска тексттердин маалымат каражаты эле эмес, адамдар арасындагы мамилелердин жаңы формасы катары калыптанышында. Изилдөөнүн жыйынтыгында, кыска тексттер жөн гана техникалык чектөө эмес, заманбап адамдын жашоо темпине шайкеш келген жаңы маданий код экени негизделип, анын келечектеги өнүгүү багыттары болжолдонот.

Библиографические ссылки

1. Аширбаев, Т. Кыргыз тилинин стилистикасы (Стилистиканын жалпы маселелери) 1- китеп - Бишкек;Ош: Кыргызстан, 2000. – 124 б.

2. Аширбаев, Т. Кыргыз тилинин стилистикасы 2-китеп. – Бишкек: Кыргызстан, 2000. – 202 б.

3. Азыркы кыргыз адабий тили .Коллектив. –Б.2009.

4. Маразыков, Т. Текст таануу жана анын айрым меселелери – Бишкек: Б-сыз, 2005. – 144 б.

5. Маразыков, Т. Экстралингвистикалык факторлордун тексттеги интеграциясы – Бишкек: Б-сыз, 2005. – 167 б.

6. Мапаева Н. Гезиттик кабар түрүндөгү кыска тексттердин лингвостилистикалык өзгөчөлүктөрү. –Б.2019

7. Мусаев, С.Ж. Текст: прагматика, структура. -Бишкек, 2000.

8. Рудковская, М.Н. Вводно-модальные элементы в публицистических текстах .– М., 1982.

Опубликован

2026-01-16